Дүйшөмбү шаарында аяктаган эл аралык CAFA турниринде Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U17) үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу футбол ассоциациясы социалдык тармактарда билдирди.
Биринчи оюнда Тажикстандан күчтүү болгон биздин команда ирандыктарга утулуп, өзбек футболчулары менен тең ойногон.
Беттештер бир раундда өткөрүлдү. Жеңүүчү эң көп упай менен аныкталды. Жыйынтыгында биринчи орунду Өзбекстан, экинчи орунду Иран курамасы алды.
Кыргызстандык футболчулар Fair Play сыйлыгын алышты.