Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйындар залында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштери боюнча маалымат алды. Төрага 2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея менен атайын макулдашууга кол коюлгандыгын эске салды.
Муну менен катар быйыл эл арасында Ак үй деп аталган тарыхый жайдын айланасындагы таман таштарды да жаңылоо мерчемделүүдө. Ошондой эле бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр олтургузулат.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ак үй маанилүү административдик имарат эле эмес, эгемендүүлүгүбүздүн эн белгиси саналган тарыхый жай экенин белгилеп: «Андыктан өзгөчө стилде жасалган имараттын айлана-тегереги да талаптагыдай болушу шарт. Себеби, Ак үй борбор калаага келген меймандардын, чет өлкөдөн келген туристтердин көңүлүн бурган жай болуп эсептелет», — деп кошумчалады.
Алсак, борборубуздун чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.