«Быйыл 64,6 миң тонна дан үрөнү керектелет. Бүгүнкү күндө 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, муктаждыктын 91 пайызын түздү. «Бирок биз дан, күрүч, тамеки, буурчак жана соя менен 100 пайыз камсыз болдук», — деди Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында.
Ал кошумчалагандай, жетишпеген үрөн субсидиялар жана үрөн чарбаларында бекер сатууга сунушталган үрөндөр менен камсыздалат.
Маалым болгондой, 15 питомник мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 12 миллион 152 миңден ашуун көчөттөрүн даярдашкан.
Ал эми минералдык жер семирткичтерге келе турган болсок, алардын болжолдуу чыгымдалышы жылына 140-150 миң тоннаны түзөт.
«Бүгүнкү күндө 41,9 миң тонна минералдык жер семирткичтер алынып келинип, камсыздоо деңгээли 30 пайызды түздү. Учурда сегиз ишкана жер семирткичтерди алып келүүдө, үзгүлтүккө учураган жок», — деди аткаминер.