Акыркы жумада Кыргызстан боюнча 23 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталса, анын 108и гана мас абалында айдоочулар. Бул тууралуу uzsushi.com агентигине КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, жол эрежесин бузуунун мындай саны 3-марттан 9-мартка чейин, башкача айтканда, иш жүзүндө орозонун биринчи жумасында катталган, анын ичинде:
Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-701;
Мас абалында унаа башкаруу −108;
Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу −87;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3410;
Авто ээнбаштык −10;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4174;
Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары —14 482;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2561 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Маалым болгондой, өлкө боюнча жумасына 108 мас абалында унаа башкаргандардын кармалышы мурунку ушул эле мезгилдерге салыштырмалуу аз. Себеби 200дөн ашуун айдоочу мас абалында аныкталган эле.