Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын саясаты жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого багытталганын баса белгиледи. Ал белгилегендей, буга чейин мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилип, анын айынан турак-жай жетишсиз болуп, баалар көтөрүлүп, көпчүлүккө жеткиликсиз болуп келген.
Ошондой эле Жапаров бүгүн МИК «Кыргызкурулуш» мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту «под ключ» бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатканын билдирди.
«Мисалы Чүй облусу жана Бишкек шаарында үйлөр бир чарчы метри 650 доллардан курдурулуп жатат. Ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында болсо 700 доллардан курдуруп жатышат. Себеби бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат.
Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак. Бул суммага жеке ири курулуш компаниялар макул болбой коюшуп, «Кыргызкурулуш» мамлекеттик компаниясы менен куруп жатабыз. Дагы 2-3 жеке компанияга суранып жатып курулуш иштерин тапшырдык. Анткени ири курулуш компаниялары «под ключ» 1000 доллардан кем эмес курабыз деп баш тартышты», — дейт ал.
Өлкө башчы мунун себебин мамлекеттик компания жалгыз жетишпей турганы менен түшүндүрдү.
«Анткени өлкө боюнча курулуштар массалык түрдө жүрүп жатат. Бир чарчы метрин жогорудагыдай бааларга куруп беребиз деген жеке курулуш компаниялар болсо МИКке келгиле. Курулуш иштерин бергенге даярбыз. Ал эми эмне себептен элге бул суммадан кымбатыраак берилип жатканын түшүндүрүп берейин. Мисалы «Мурас» кичи районунда элге 750 доллардан берилди. 100 доллар МИКтин пайдасында калды. Калыш керек. Себеби МИК батир алган элди 25 жыл бою тейлейт, жумушчуларга эмгек акы берет, инфляция болот дегендей. МИКтин мындай үстүнө кошуусу үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Мисалы Бишкекте «золотой квадратта, престиждүү» райондордо болсо, албетте, 750 эмес андан кымбат болот. Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн. Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа.
Мисалы бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот. Мисалы Бишкектин «престиждүү» райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес) 2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан «под ключ» берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат», — деди президент.