18:15
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Брюсселде Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар талкууланды

Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Айдит Эркин менен Эл аралык Чыңгыз Айтматов фондунун президенти — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусунун үй-музейинин директору Эльдар Айтматовдун жолугушуусу болду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.

Жазуучунун уулу Чыңгыз Айтматовдун музейине анын чыгармаларынын ар кандай тилдердеги жаңы басылышын тапшырды.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматов 1990-1991-жылдары СССРдин Бенилюкс өлкөлөрүндөгү (Бельгия, Голландия, Люксембург) элчиси, 1991-1994-жылдары Орусиянын Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси кызматтарын аркалаган.

1994-жылдан 2008-жылдын мартына чейин Кыргызстандын Франциядагы, Бельгиядагы, Люксембургдагы жана Нидерландыдагы элчиси кызматын аркалаган, резиденциясы Брюсселде болгон.

Чыңгыз Айтматов 2028-жылдын 12-декабрында 100 жашка чыкмак.

Эң көп окулган жаңылыктар