16:57
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Бишкекте төргөөчү 5 миң доллар пара менен кармалды

Бишкекте Биринчи май РИИБдин ага тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын майору А.К.М. өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.

5-мартта ИИМдин Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын майору А.К.М. 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

А.К.М. пара талап кылган кылмыш ишинин алдын ала талдоосу кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү.

Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар