Орусияда иштеген кыргызстандыктардын кармалып калган 8 миллион рубль маяналары кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугу Ленинград облусунда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн.
Эки айдан бери 150 кыргызстандыктын айлыгы төлөнбөй калган. Консулдуктун кызматкерлери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эмгек акы боюнча карыздар төлөндү.