Президент Кыргызстандын эки районун акимдерди дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, дайындалгандар:
- Максатбек Саргазаков — Жалал-Абад районунун Аксы районунун акими
Андан кийин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген.
- Сыдыков Замирбек — Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими
Буга чейин Замирбек Сыдыков Талас райондук мамлекеттик администрациясын жетектеп келген. Андан кийин Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын акими болгон.
Айта кетсек, акыркы жолу 7 аким кызматтан алынгандан кийин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Талас облусунун Манас жана Талас райондорунда дагы эле орундар бош.