Күн мурун Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ал дүйнөдө чыр-чатактар курчуп, геосаясий атаандаштык күчөп турган учурда, дос мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөтүүсү болуп көрбөгөндөй маанилүү экени белгиленди.
«Ушул шарттарда Өзбекстан ачык жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүп, өз ара урматтоону жана достукту чыңдап, дүйнөнүн бардык аймактарындагы мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк каржы институттары менен практикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө. Жалпы саясий эрктин аркасында Борбор Азия жакшы коңшулаштыктын, ишенимдин жана интеграциянын аймагына айланып баратат», — деди Мирзиёев.
Мамлекет башчысы Кыргызстан — Өзбекстандын жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Акыркы жылдары соода жүгүртүү төрт эсеге өсүп, биргелешкен ишканалардын саны 300гө жетти. Аймактарда автомобиль заводу, текстиль фабрикалары, медициналык борборлор жана айыл чарба кластерлери ишке түшүрүлгөнү айтылды.
«Өткөн жылдын декабрь айында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы маанилүү тарыхый окуя болду. Ушул айда Хожент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын лидерлеринин катышуусунда үч тараптуу саммит өтөт», — деп баса белгиледи президент.