19:43
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бишкекте социалдык маанидеги товарлардын жарманкеси өтөт

Борбор калаанын тургундары жана меймандары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкеде азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды дүң баада ала алышат. Жарманке шаардын үч жеринде өтүп, үч күнгө — 7-9-мартка чейин уланат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, иш-чаранын негизги максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарманкеден жашылчалар, жемиштер, эт жана сут азыктары, нан азыктары, ошондой эле эң зарыл керектелүүчү товарлар сыяктуу социалдык маанилүү тамак-аш продуктыларынын ассортиментин таба алышат.

Жарманкелер күн сайын саат 9:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын төмөнкү даректеринде 7-9-мартка чейин ачык болот:

Түгөлбай-Ата көчөсү;

Эркиндик проспектиси;

Касым Тыныстанов көчөсү (Темир жол вокзалынын аймагы).

Эң көп окулган жаңылыктар