17:14
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

«Манас» эл аралык аэропортунда масштабдуу реконструкция башталат

«Манас» эл аралык аэропорту өзүнүн өнүгүүсүнүн маанилүү этабына даярданууда. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган аэропорт комплексин масштабдуу реконструкциялоо жакынкы аралыкта башталат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аэропорттун инфраструктурасы болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Алдыдагы жумуштардын убагында комплекс кошумча турде 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Бул жүргүнчүлөр үчүн шарттарды бир топ жакшыртат жана терминалдардын ишин оптималдаштырат.

Реконструкциялоонун алкагында каттоо пункттарынын санын көбөйтүү, күтүү зонасын кеңейтүү, заманбап эс алуу жана тамактануу жайларын түзүү пландаштырылууда. Ошондой эле аэропорттун натыйжалуулугун жана кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн жаңы технологиялык чечимдер киргизилет.

Модернизациянын негизги элементтеринин бири аэропорттун негизги имараттарын бириктире турган заманбап skywalk — жабык өтмөк куруу болот. Бул ыңгайлуу коридор жүргүнчүлөрдү аба ырайынан коргоону камсыздайт жана терминалдар арасында тезирээк өтүүгө мүмкүндүк берет.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, реконструкциялоо аэропортту жогорку эл аралык стандарттарга жооп берүүгө мүмкүндүк берет. «Манас» аэропортун масштабдуу реконструкциялоо Кыргызстандын авиация инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү алдыга кадам болуп саналат, ал эл аралык стандарттарга жооп берүүгө жана жүргүнчүлөр жана авиакомпаниялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет", — деп жыйынтыктады ал.
Эң көп окулган жаңылыктар