11:19
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

7-мартта күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 7-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз +4...+9

Таласта түнкүсүн −3...+2, күндүз +3...+8

Баткенде түнкүсүн −2...+3, күндүз +5...+10

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...+4, күндүз +6...+11

Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...-7, күндүз +2...+7

Нарын облусунда түнкүсүн −6...-11, күндүз 0...+5

Бишкек шаарында түнкүсүн 0...+2°, күндүз +6...+8° болот.

Эң көп окулган жаңылыктар