17:56
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Кыргызстанда сотторду тандоо санариптештирилет

Сотторду тандоону санариптештирүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында судья Рахат Каримова билдирди.

Анын айтымында, бул судьяларды сапаттуу тандоо үчүн жасалып жатат.

«Соттордун ишинин сапатын жогорулатуу үчүн электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана сот тутумун толук санариптештирүү пландаштырылууда», — деп белгиледи Рахат Каримова.

Депутат Гули Кожокулованын Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын курамын кыскартуу керекпи деген суроосуна жооп берип жатып, ал акыркы үч жылда соттордун иши боюнча комиссияга 1978 арыз түшкөнүн, эгерде комиссиянын курамы кыскарса, доо арыздарды кароо процесси солгундай турганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар