13:36, 06 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымы;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымы;
Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымы (Талдык ашуусу);
Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);
Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу).
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.