Соттор кеңешинин мүчөлөрүнүн санын 15тен 20га чейин көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды.
Документтин автору, депутат Медербек Алиев Соттор кеңешинин курамын гендердик жана аймактык өкүлчүлүктү эске алуу менен ошондой эле 15 адамдын 9у тартип комиссиясынын курамына киргендигин эске алуу менен көбөйтүү сунушталып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынан судьяны сот тарабынан белгиленген жазык жоопкерчилигине тартуу жана ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурда (айыпкер катары) судьяны ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө беренелерди алып салуу сунушталууда. Бул жогорудагы чаралар дисциплинардык чара көрүүнүн чегинен чыгып кеткендиктен жасалып жатат деп түшүндүрдү эл өкүлү.
Медербек Алиев белгилегендей, Соттор кеңешинин мүчөлөрү коомдук башталышта иштеп, айлык акы алышпайт. Демек, мыйзамды кабыл алуу кошумча каржылык чыгымдарды алып келбейт.