Депутат Соцфонд каражатты мамлекеттик банктарга гана салышы керек деп эсептейт

12:41, 06 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Социалдык фонддун каражаттарын инвестициялоодо коррупция бар экенин билдирди.

Анын айтымында, Соцфонд банктарга сүйлөшүп алып акча берет. Ошондуктан пенсиялык мекеме каражаттарды мамлекеттик банктарга гана инвестициялоону камсыз кылуу зарыл.

КР Соцфонд төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева фонддун акчасы 14 банкта депозиттик эсептерде сакталып турганын түшүндүрдү. Анан аларды инвестициялоодон мурда кайсы банк эң жогорку пайызды сунуштайт деп сынак жарыялап, фонд каражатты ошол жакка салат.