18:01
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Эски үлгүдөгү долларды алуудан баш тарткан банктарга чара көрүлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуровдон эмне үчүн айрым коммерциялык банктар эски чыгарылыштагы «ак» долларды албай жатканын сурады.

Мэлс Аттокуров базардагы долларлар «ак» жана «жашыл» болуп экиге бөлүнөт деп жооп берди. Улуттук банкка буга чейин каржы институттары «ак» долларды албай жатат деген даттануулар келип түшкөн. Ал бул арыздар боюнча чара көргөн.

Анын айтымында, коммерциялык банктар жана башка каржы институттары «ак» долларды кабыл албай коё албайт. Эгерде даттануулар болсо көзөмөл органы териштирип, чара көрөт.

Буга чейин Улуттук банк «ак» деп аталган доллардын жүгүртүүдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөп, ага байланыштуу коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар бул банкнотторду кабыл албай жатат делген.

Жалпы тил менен айтканда, 1996-2006-жылдар аралыгында чыгарылган АКШ долларлары ачык түсү менен айырмалангандыктан, «ак» деп аталат.

Эң көп окулган жаңылыктар