Кыргызстан менен Вьетнамдын соода жүгүртүүсү беш жылда 13 эсеге көбөйдү

11:08, 06 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга жасаган расмий сапарынын алкагында Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы көп жылдар бою эки өлкөнүн элдерин байланыштырып турган салттуу достук жана өз ара түшүнүшүү байланыштарын жогору баалаарын баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин билдирди.

«Менин өкмөт башчы катары Сиздин ажайып өлкөңүзгө болгон сапарым жана биздин жолугушуубуз Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын тарыхында жаңы баракты ачат деп ишенем. Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 33 жыл толду. Бул жылдар аралыгында биз кызматташтыкта эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде олуттуу ийгиликтерге жетише алдык. Вьетнам биз үчүн Түштүк-Чыгыш Азия аймагындагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Биздин өлкөлөр глобалдык жана Региондук коопсуздук жана туруктуулук маселелерине жалпы ык-амалдарды бөлүшөт. Биздин өз ара аракеттешүүнү активдештирүү Кыргыз-Вьетнам мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк жана ага кошумча динамика берет деп ишенем», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүүдө позитивдүү динамиканы белгиледи. 2019-2024-жылдар аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 13 эсеге көбөйгөн.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү маселелеринде Кыргыз-Вьетнам өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясын түзүүнү сунуштайм, анын алкагында актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүлөт жана өз ара пайдалуу келечектүү демилгелер иштелип чыгат. Соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарга кошумча импульс берүү үчүн экономика чөйрөсүндөгү 3 фундаменталдык макулдашууну — бул Инвестицияларды колдоо жана коргоо, экономикалык кызматташтык жана кош салык салуудан качуу жаатындагы документти макулдашуу жана кол коюу маанилүү деп эсептейбиз», — деди ал.

Өз кезегинде Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь мамлекеттер ортосундагы саясий жана экономикалык диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, өз ара сооданы жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.

«Вьетнам биздин өлкөнүн ишенимдүү досу саналган Кыргызстан менен болгон мамилени жогору баалайт. Биз Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга багыт алганбыз. Эки тараптуу кызматташтыкты ар кандай тармактарда мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенибизди билдиребиз», — деди Вьетнамдын премьер-министри жана министрлер кабинетинин башчысынын расмий визити эки тараптуу мамилелерде жаңы этапты ачат деген ишенимин билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, билим берүү, тоо-кен, туризм жана маданият тармактарындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Тараптар транспорттук жана логистикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун аягында Министрлер Кабинетинин төрагасы Вьетнамдын премьер-министрин Кыргыз Республикасына визит менен келүүгө чакырды.