18:03
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Быйыл Орозо айт 30-мартта белгиленет

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу uzsushi.com маалымат агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Баардык мусулмандар кармаган орозо 1-мартта башталды. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.

Кошумчалай кетсек, муфтият тарабынан битир-садаганын өлчөмү бекитилген: жарандар буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же аларды акчалай наркы менен берүү керек.

Орозо айт мусулмандардын эки негизги майрамынын бири (экинчи Курман айт). Маалым болгондой, ал көбүнчө 29 же 30 күнгө созулган Рамазан айы аяктагандан кийин белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар