Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, анда энергетика тармагын өнүктүрүүгө токтолуп, жергиликтүү бийликти жана калкты чакан ГЭСтерди курууга көмөктөшүүгө чакырды.
Өлкө башчынын айтымында, жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 40 чакан ГЭС иштеп жатат. Ал эми 37 чакан ГЭСтин курулушу башталган. Ал эми 18 чакан ГЭС быйыл ишке кирет.
«Урматтуу мекендештер!
Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 40 чакан ГЭС иштеп жатат.
Өндүрүлгөн электр энергиясы 312,5 млн кВт/с түзөт. Ошондой эле өлкө боюнча 37 чакан ГЭСтин курулушу башталды.
2025-жылы дагы 18 чакан ГЭС ишке кирет. Жалпы өндүрүүсү 385 млн 200 кВт/с түзөт.
Күн жана шамал станцияларынан кубаттуулугу 5624 МВт түзгөн станциялардын курулушу башталып жатат.
Бизде кубаттуулугу 142 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болсо, бүгүнкү күндө биз 14 миллиард кВт саат гана электр энергиясын иштеп чыгып жатабыз. Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат.
Айтайын дегеним, өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк тараптан бут тосуулар болуп жатат.
«Суубузду кирдетип жатасыңар» дешип, жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды.
Урматтуу мекендештер!
Биз суу башында туруп 3 миллиард кВт/с электр энергияны импорттогон мамлекетпиз. Импорттолгон электр энергиянын баасы 1 кВт/саатына 3 сом 50 тыйынды түзөт. Бүгүнкү күндө элге берилип жаткан электр энергиясынын баасы 1 сом 11 тыйын. Ортодогу 2 сом 39 тыйын айырманы республикалык бюджеттен субсидия кылып жатабыз.
Бүгүнкү күндө бюджеттен 8,5 миллиард сом чыгым кылабыз. Бул акча — ар бир кыргызстандыктын акчасы, салыктан түшкөн акчалар.
Ушундай каатчылыкты жок кылыш үчүн, 2021-жылдан баштап массалык түрдө чакан жана орто ГЭСтердин курулушун баштаганбыз.
Мындан сырткары «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушу башталып жатат.
Ушунун баарын биз «импорттон кетип, өзүбүздөн чыккан электр энергиясы менен камсыз бололу, өзүбүздөн ашканын экспортко кетирели» деген максатты көздөп, жасап жатабыз.
Өзүбүз суу башында олтуруп алып, башка өлкөлөрдөн электр энергия сатып алганыбыз — өтө уят иш.
Ошондуктан, ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү, силердин аймагыңарда курулуп жаткан чакан ГЭСтерге, мейли менчикпи, же мамлекеттикпи, максималдуу түрдө жардам бергиле.
Ал эми жергиликтүү тургундарга айтарым — курулуш иштерине тоскоол болбогула. Курулуш иштери күндүз жүрөт. Эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алгыла.
Ыңгайсыздыкка 3 ай чыдап койгула. Курулуш иштери, көп болсо, 3 ай жүрөт.
Курулган ГЭСтер өмүр бою мамлекетибизге, өзүңөргө жана келечек муундарга кызмат кылат. Ошондуктан курулуш иштерине өзүм билемдик менен тоскоол кылбагыла.
Келечек муундарга кызмат өтөп кетели",- деген мамлекет башчы.