17:58
USD 87.45
EUR 95.50
RUB 1.02

Бүгүн Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 6-мартта Бишкектин Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Өчүрүү Ала-Тоо конушунун суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар