18:19
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Мурдагы аткаминер Ленин чокусунун астында дээрлик 100 гектар жерди ээлеп алган

Мурдагы аткаминер Ленин чокусунун астындагы 91 гектар жерди ээлеп алып, мамлекетке кайтарып бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, ал адам жер тилкесин 22 жыл мурун туристтик база куруу үчүн алган, бирок бул убакыт аралыгында ал жерге бир сом да жумшаган эмес.

«Чоң-Алайдын кары-жаштары мурдагы аткаминер менен дагы эле соттошуп жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди мамлекетке кайтарып алуу иштерин ийгиликтүү жүргүзүүдө. Бул жагдайга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну суранам. Алар жергиликтүү элге кысым көрсөтүп жатышат», — дейт Жанар Акаев.

Эң көп окулган жаңылыктар