Кыргызстанда бир суткада 30 адам кармалды. УКМКнын басма сөз борбору алар террористтик топтун мүчөлөрү экенин билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча камеранын ишмердүүлүгүн чет элдик эл аралык террористтик уюм координациялаган. Жалпысынан 30 адам кармалган.
Радикалдык топтун негизги максаты Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө каршы жихад деп аталган иштерди жасоо, аткаминерлерге, атайын кызматтын кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы теракттарды пландаштыруу экендиги аныкталган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.