Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылындагы спорт зал мамлекетке кайтарылганын билдирди.
2000-жылы спорт зал райондук билим берүү бөлүмүнүн балансында турган кошумча мектептин курамына кирген. Билим берүү мекемеси жабылгандан кийин жооптуу адамдар жеке кызыкчылыгын көздөп, социалдык инфраструктуранын объектилерин ээликтен ажыратууга тыюу салган мыйзамдарды бузуп, жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп беришкен.
Ээси мүлккө мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айыл аймагынын балансына (аянты — 1 миң 500 чарчы метр жанаша 2 га) өткөрүп берген.