18:30
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Бишкекте беш жигит кыз зордуктады деп айыпталууда

Бишкекте милиция кызматкерлери кыз зордуктады деген шек менен беш жигитти кармашты. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

28-февралга караган түнү борбор калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде беш жигит күч колдонуп, кызды анын эркине каршы сүйрөп чыгып, шаардын сыртына айдап чыгып, зордуктап кетишкен. Ал милицияга арыз жазган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалган. Алар 25 жаштагы үчөө жана 24 жаштагы экөөсү болуп чыкты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар