18:19
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Куттуктоонун текстин президенттин басма сөз кызматы таратты.

Төмөндө мамлекеттик катчынын куттуктоо сөзүн келтиребиз:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Ар бир элдин улуттук кийими — ошол элдин маданиятын, тарыхын чагылдырган укмуштуудай көрүнүш. Биздин ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дагы элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, турмуш-тиричилигинин курамдык бөлүгү, маданий мурасынын маанилүү элементи катары бизге жетти.

Муундар аралык байланышты камсыз кылган улуттук кийимдерибиздин ар бир өңүтү: кездемеси, тигиши, ою-чиймелери терең мааниге ээ!

Бүгүнкү күндө биз ааламдашуу доорунда күн кечирип, ыкчам өнүгүп жаткан технологиянын заманында тарых-таржымалыбызды да, маданий мурастарыбызды да унутуп же жоготуп алуу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Саат сайын өзгөрүүлөргө толгон дүйнөдө балдарыбызга бабалардан калган дөөлөт-мурастарыбызды, тилибизди, дилибизди жеткирүү эң башкы милдетибиз экенин эсибизден чыгарбоого тийишпиз!

Өзүнчө дата болуп белгиленип жаткан бүгүнкү Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү эң алды кыргыз элинин кандай эл болгонун, уникалдуу бир маданиятка ээ болгондугун эстетип турууга, аны менен сыймыктанууга, даңазалоого эң сонун мүмкүнчүлүк экенин баса белгилейм.

Улуттук кийимдерибиздин жасалышы, жасалгаланышы, бастырылган оймо-чиймелеринин ар бири кандайдыр бир мааниге ээ экени бүгүнкү күндө дагы дүйнө элин бир чети суктандырып, бир чети кызыктырып, кыргыз маданиятынын уникалдуулугун айгинелеп турат. Мындан улам, быйыл энелерибиз кийген кадимки ак элечекти ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Буюрса, кыргыз аялзатынын ак элечеги аркылуу кыргыз маданияты, Кыргызстандын аты дүйнө жүзүнө даңкталат.

Урматтуу мекендештер!

Улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казынага айланган баалуулуктарыбыз катары улуттук кийимдерибизди аздек туталы, бийик кармайлы.

Ак калпагыбыз ар бир кыргызстандык эр-азаматтын башынан түшпөсүн. Салттуу кийимдерибиз өнүгүп-өркүндөп, көөнө кыргыз эли дүйнөгө тааныла берсин!".

Эң көп окулган жаңылыктар