Президент Садыр Жапаров билим берүү тармагын реформалоону этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына жазды.
Министрлер кабинетинде 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүүгө арналган жыйын болду. Ага мамлекет башчысы, эксперттер, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери жана башка жооптуу адамдар катышты.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, Президент тынчсыздануусун билдирип, тобокелчиликтерди белгилеп, 12 жылдык мектепке өтүүнү этап менен ишке ашырууну чечти.
"Билим берүү — ар бир кыргызстандыкты түйшөлткөн жана өлкөнүн келечегин аныктаган тармак. Албетте, мындай масштабдуу өзгөртүүлөр ар дайым коомдук талкуудан өтүшү керек жана ар кандай пикирлердин болушу толук табигый көрүнүш. Ачык диалог жана конструктивдүү талкуу гана бизди сапаттуу чечимдерге алып барат",-деди ал.
Камчыбек Ташиев 12 жылдык билим берүү бул жөн гана кошумча жыл эмес, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, адистештирилген кадрларды даярдоону кеңейтүүгө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, мектеп программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк деп эсептейт.