18:24
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

«Алга-Бишкек» футбол клубуна жаңы директор дайындалды

«Алга-Бишкек» футболдук клубуна жаңы директору болуп Кутманов Эмил Мейманбекович дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитетинин мүчөсү жана «Кыргыз спорт» телеканалынын башкы директору болгон.

Кутманов Эмил Мейманбекович — тажрыйбалуу адис, ал клубду жакшыртуу, команданы өнүктүрүү жана күйөрмандарды тартуу боюнча иштерди улантууну максат кылууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Алга» 1947-жылы негизделген Кыргызстандагы эң эски футбол клубу. Ал 2010-жылдан бери мэриянын курамына кирет. 2021-жылдагы сезондо команда Кыргыз Республикасынын чемпионатынын коло байге ээси жана Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалисти болду.

Эң көп окулган жаңылыктар