Владимир Зеленский туруктуу тынчтык үчүн «президент Трамптын күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө» даяр экенин билдирди. Бул тууралуу DW жазып чыкты.
Украинанын президенти өзүнүн Telegram-каналында «биринчи этаптар туткундарды бошотуу жана асманда ок атышууну токтотуу болушу мүмкүн», — деп белгиледи.
«Ракеталарга, алыс аралыкка учуучу учкучсуз учактарга, энергетикалык жана башка жарандык инфраструктураларды бомбалоого тыюу салуу жана Орусия да ошондой кылса, дароо деңизде ок атышууну токтотуу. Андан кийин биз бардык кийинки этаптардан өтө тез өтүп, Америка Кошмо Штаттары менен бекем акыркы келишимге жетишүүнү каалайбыз», — деп жазган Владимир Зеленский.
Ал ошондой эле «каалаган убакта жана каалаган ыңгайлуу форматта» «минералдык ресурстар жана коопсуздук боюнча келишимге» кол коюуга даяр экенин билдирди.
«Биз бул келишимди коопсуздукту жана ишенимдүү коопсуздук кепилдигине карай кадам катары карайбыз жана анын натыйжалуу иштешине чын жүрөктөн ишенем», — деп кошумчалады Зеленский.
Ал Ак үйдө Дональд Трамп менен жолугушуусу «күтүлгөндөй болбой калганына» өкүнүчүн билдирди. «Баарын оңдоого убакыт келди» деп жазган Зеленский. «Биз келечектеги кызматташуу жана байланыш конструктивдүү болушун каалайбыз».