Бишкекте баңги затын жасап, саткан деп шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Баңгизат менен күрөшүүчүлөр жана атайын күчтөр шектүүлөрдүн үйүн басып алышкан. Алар эки адамды кармашкан: 36 жаштагы Д.А. жана 49 жаштагы Д.А., убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Үйдү тинтүү учурунда жалпы салмагы 5 килограмм 602 граммды түзгөн 50 мүшөк марихуана табылган. Баңгизаттар үйдүн бүт жерине — керебеттин астына, телевизордун артына, идиш-аяктардын арасына, жер төлөгө, жадакалса казанга катылган.