Бишкекте автобус кырсыгынан жабыркаган окуучу кызга операция жасалды

11:42, 04 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Бишкекте № 52 жүргүнчү ташыган автобус сүзүп кеткен окуучу кызга операция жасалды. Бул тууралуу uzsushi.com басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 12 жаштагы кыз оң бутунан чоң жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып, Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Операциядан кийинки абалы туруктуу, учурда травматология бөлүмүнө которулган.

Белгилей кетсек, 3-мартта саат 14:10дор чамасында борбор калаадагы 12-кичи райондон жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан окуучу кызды автобус сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге келген Тез жардам кызматы кызды ооруканага алып кеткен.