ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков кызматтан кетти

11:19, 04 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында төраганын биринчи орун басары Кемел Садыков менен узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Ал берген арызынын негизинде Министрлер кабинетинин төрагасынын тиешелүү тескемеси менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кемел Садыков 2021-жылдын 16-сентябрынан бери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Фото