10:16, 04 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Европа футболунун негизги клубдук турниринин кийинки этабынын алгачкы беттештери 4 жана 5-мартта өтөт. Бул тууралуу Европалык футбол ассоциациялар союзунун(УЕФА) расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Европа футболунун негизги клубдук турниринин 1/8 финалынын алгачкы беттештери 4 жана 5-мартта өтөт.
Биринчи күнү төмөнкү командалар беттешет: «Клуб Брюгге» (Бельгия) — «Астон Вилла» (Англия), «Боруссия» (Германия, Дортмунд) — «Лилль» (Франция), ПСВ (Нидерланд) — «Арсенал» (Англия), «Реал» (Испания) — «Атлетико» (Испания).
5-мартта «Фейеноорд» (Нидерланд) «Интер» (Италия), «Бавария» (Германия) «Байер» (Германия), «Бенфика» (Португалия) «Барселона» (Испания), ПСЖ (Франция) «Ливерпуль» (Англия) менен ойнойт.
Жооптук беттештер 11 жана 12-мартта өтөт.