17:52, 03 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун талкууга журналисттерди чакырууну суранышты.
«Мурда мыйзамга каршы чыгып сүйлөгөн ЖМКнын 8 өкүлүн жыйынга катышуусун камсыз кылууну суранабыз. Бир жактуу маалымат болбошу үчүн алардын да пикирин уккубуз келет», — деди депутат Бактияр Калпаев.
Комитет төрагасы Улан Примов эл өкүлдөрүнө Акыйкатчынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана жумушчу топтун башка мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери жазылган эски документ дагы берилгенин белгиледи.
Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жумушчу топтун бир дагы мүчөсүнүн мыйзам долбоорунун талкууланып жаткан варианты боюнча эч кандай дооматы жок деп жооп берди.
Улан Примов кийинки отурумда макулдашылган вариантты берүүнү суранды, анда өзгөчө пикир жок деп айтылат.
Белгилей кетсек, январь айында ЖМКлар боюнча мыйзам долбоорунун компромисстик версиясы Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган.
Бул Маданият министрлиги медиа коомчулугу жана юристтер менен биргеликте кайра иштеп чыккан ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдын алтынчы варианты болуп саналат. Документте цензурага тыюу салуу, маалымат булактарын коргоо каралып, ЖМКнын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн болгон ченемдер көрсөтүлгөн.