Кыргызстанда 24-февралдан 2-мартка чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9818 учуру жана сасык тумоонун 58 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине шилтеме берүү менен билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 2,6 пайызга азайган. Дарыланууга кайрылгандардын 5,6 пайызы же 557 учур ооруканага жаткырылган.
Акыркы жумада COVID-19 инфекциясы катталган жок.
Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.