17:10, 03 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолуна Чоң-Ашуу ашуусунда түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта № 11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 15 000 м3 түзөт.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:00дор чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.