16:16, 03 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Надырбеков Союзбек Надырбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган.
2008-2009-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эстрадалык вокал адистиги боюнча билим алса, 2013-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде билим алган. 2009-2012-жылдары Түштүк Кореянын Чунг-Анг университетинде билим алып, Кыргызстандын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын (магистратура) аяктаган. Маалым болгондой, Союзбек Надырбеков 2017-жылдан бери Мамлекеттик башкаруу академиясынын аспирантурасында билим алып келет.
2013-жылдан бери туристтик компанияда, эл аралык кайрымдуулук фондунда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгында жана Жогорку Кеңештеги «Республика Ата Журт» фракциясынын катчылыгынын консультанты болуп иштеп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болгон. Ал 2020-2021-жылдары шайлоо өнөктүгү маалында азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун командасынын курамында болгон. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруучулардын бири.
2021-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматын аркалаган. 2021-жылдын декабрынан 2023-жылдын февралына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болгон.