15:17, 03 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com
Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын эки айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарып, салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо планын бир топ ашыра аткаргандыгы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында бюджетке 41,5 миллиард сом салык түшкөн. Бул пландаштырылган көрсөткүчтөн 4,1 миллиардга көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 10,7 млрд сомго көбөйгөн.
Мамлекеттик салык кызматы салыктардан тышкары камсыздандыруу төгүмдөрүн да ийгиликтүү чогултту. Жалпысынан 12,9 миллиард сомду түздү, бул белгиленген пландан 800 миллионго көп. 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу өсүш 1,2 миллиард сомго жеткен.
Алсак, 2025-жылдын алгачкы эки айында чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 54,4 миллиард сомду түздү.