Бүгүн, 3-мартта саат 12:05 Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө, Тоң районунун Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.