Тиранада күрөш боюнча рейтингдик турнир аяктады. Бул тууралуу United World Wrestling сайтында маалымдалды.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Раззак Бейшекеев (67 килограммга чейин) менен Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограммга чейин) алтын, Дөөлөтбек Чойбеков (63 килограммга чейин) күмүш тагынышты.
Баяман Апилов (63 килограммга чейин) жана Ырыскелди Хамзаев (72 килограммга чейин) 3-орунга ээ болушту.
Эске салсак, эркин күрөш боюнча балбандар күмүш жана эки коло медалга ээ болушкан. Дагы бир медаль, күмүш медалды Айпери Медет кызы алды.