Артисттердин гастролдору үчүн Маданият министрлиги 57 автобус жана кичи автобустарды сатып алат. Бул тууралуу Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында аталган бөлүмдүн башчысы Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, транспорт Кыргызстанга апрелдин аягында келет.
Мирбек Мамбеталиев министрлик маданият жана искусство тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкканын кошумчалады. Бирок, тилекке каршы, Каржы министрлиги документке терс корутунду берген.
Мындан тышкары «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык эстелиги Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Буга чейин Маданият министрлигинин мурдагы жетекчиси Алтынбек Максүтов аталган башкармалык кербен сарайда реконструкция иштерин жүргүзөрүн билдирген.
Жыйында депутаттар социалдык тармакты өнүктүрүү маселелери боюнча парламенттин токтомунун аткарылышы боюнча министрликтердин отчетторун угууда.