Январь айында Кыргызстандын бюджетине казинолордон жана букмекердик кеңселерден 31 миллион сом түшкөн. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин отчетунда камтылган.
Кирешенин негизги бөлүгүн катталган казинолор бергени такталган. Алар 29,4 миллион сомдон ашык салык төлөшкөн. Букмекердик конторалар жана букмекердик компаниялар бюджетке 1 млн сом которгон.
Онлайн казинолорго жалпысынан 134 миң сом төлөдү. Оюн автоматтары залдары — 375 миң сом которгон.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылдын январь айында казинолор бюджетти 22 миллион сомго толуктаган.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Кыргызстандыктар, 21 жашка чейинки чет өлкөлүктөр жана аракетке жөндөмсүз чет элдик жарандар кумар оюн жайларынын кардары боло албастыгы аныкталган.
2023-жылы өлкө бюджетине кумар оюндарына салыктан 96 миллион 896,2 миң сом түшкөнүн Каржы министрлиги билдирди. Депутаттар кумар оюндарынын ишмердүүлүгү министрлер кабинети убада кылган бюджетке киреше алып келбей жатканына нааразы болушкан эле.