«Кыргызкөмүр» ишканасы кенди иштетүүгө канча лицензия алды?

11:06, 03 марта 2025, Бишкек - uzsushi.com

Энергетика министрлиги «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кендерди иштетүү жана чалгындоо үчүн канча лицензия алганын билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 20 лицензия мамлекеттик ишканага өткөрүлүп берилген. 2024-жылы «Кыргызкөмүр» ишканасынын көмүр казып алуусу 1,6 миллион тоннаны түздү. Ошондой эле 11,1 млн куб метр жер кыртышын ачуу иштери жүргүзүлдү.

Энергетика министрлиги республиканын түштүгүндө жайгашкан Загара-2 жана Урмизан-3 деген эки кен иштетилгенин билдирди. Күз-кыш мезгилинде калкты арзан катуу отун менен өз убагында камсыз кылуу максатында «Кыргызкөмүр» МИ 75 отун базасы менен келишим түзгөн. Ак-Улак кенинен 80 миң тонна көмүр казылып, Бишкектин керектөөсүнө берилген.

Эске салсак, 2023-жылы мамлекеттик ишкана көмүр кендерин иштетүүгө 13 лицензия алган. «Кыргызкөмүр» ишканасы Кытай менен биргеликте Сүлүктү, Карабулак, Беш-Бурхан, Көк-Жаңгак, Тегенек, Дагара, Урмизан, Ак-Улак кендеринен катуу отун казууну пландаган.