19:04
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди

Жайыл районундагы Бишкек — Ош унаа жолунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн, 3-мартта саат 06:10дон тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар