18:55
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

Кыргыз балбандары Албаниядагы турнирде алтын, эки күмүш жана бир коло байге утту

Албанияда күрөш боюнча рейтингдик турнир уланууда. Бул тууралуу United World Wrestling сайтында маалымдалды.

Бир күн мурун кыргызстандык балбандар бир алтын, эки күмүш жана коло байгеге ээ болушкан.

Раззак Бейшекеев (67 килограммга чейин) молдовалык Валентин Петикти жеңип, алтын медаль тагынды.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда АКШдан келген атаандашы Даймонд Гилфордго 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынды.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Дөөлөтбек Чойбеков (63 килограммга чейин) финалда түркиялык Керем Камалга жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ушул эле салмакта Баяман Апилов үчүнчү орунду ээледи.

Эң көп окулган жаңылыктар