19:06, 28 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com
Эртең, 1-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7
Таласта түнкүсүн −6...-11, күндүз 2...7
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −4...+1, күндүз 6...11
Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...-7, күндүз 2...7
Нарын облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз −1...+4
Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы −1...-3°, күндүз 3...5° болот.