19:20
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

МинКаб Жазгүл Карбосованы «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору кылып дайындады

Жазгүл Карбосова өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын тиешелүү буйругуна 26-февралда кол коюлган.

Жазгүл Карбосова акыркы бир жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматын аркалап, ага чейин журналистика тармагында эмгектенген — адегенде түрдүү басылмаларда кабарчы, кийинчерээк бир катар гезит-журналдарда редактордун орун басары, башкы редактору болуп иштеген.

«Эркин-Тоо» гезитинин мурдагы башкы редактору Нарала Асанбаевдин кызматтан кеткени 20-февралда белгилүү болду. Ал кызматтан өз каалоосу менен кеткенин айткан.

«Эркин-Тоо» — өкмөттүк гезит; анын башкы редактору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалат.

Эң көп окулган жаңылыктар