Орозо-2025. Бишкекте жүздөн ашык мечит текшерилди

17:19, 28 февраля 2025, Бишкек - uzsushi.com

Жалпы мусулмандар үчүн ыйык Орозо айынын алдында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарындагы жүздөн ашык мечитти текшерди. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, жумушчу топ жума намазы окулган жерлерди кыдырып, мечиттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Тазалык маселелерине жана мечиттердин динге ишенгендерди кабыл алуу деңгээлине өзгөчө көңүл бурулду.

Бардык сын-пикирлер эске алынганын жана кемчиликтер четтетилгенин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.