Балыкчы-Кочкор унаа жолу 5-марттан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү курулуп жаткан темир жолдун 37-40-чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу 5-марттан 5-майына чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн 17:30га чейин жабылат.
Белгилей кетсек, жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
"Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бул маалыматты эске алып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пландаштырууга чакырабыз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз",-деп айтылат маалыматта.